Site icon Reporter.kg

Чүйдө жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Чүй облусунун Жайыл районундагы Бекбай айылында жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын күйүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 унаа тартылып, өрт чектөөгө алынган.

Алынган маалыматка караганда, жүк ташуучу унаада дөңгөлөктөр болгон. Жабыркагандар жок.

Exit mobile version