Site icon Reporter.kg

Чүйдөгү 3 жашар кыздын сабалышы. Буга чейин өгөй атасы кыздын бутун сындырган

Чүйдө 3 жаштагы өгөй кызын сабап жүргөн деп кармалган жаран буга чейин анын бутун сындырганы аныкталды. Бул тууралуу парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев билдирди.

Аширхожаевдин айтымында, азыркы тапта зөөкүр тергөө абагында камакта отурат.

«Учурда ал адам камакта. Кылмыш иши боюнча кыздын энесин да жоопко тартыш керек. Бирок азыр анын 5 айлык боюнда бар экен. Ошондуктан ал камакка алынган жок. Бирок ал боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», — деди ал.

Министрдин орун басары билдиргендей, тергөө учурунда өгөй атасы 2-3 ай мурда кыздын бутун сындырганы аныкталган. Анда алар кызды ооруканага алып барып жаткырышкан. Бирок дарыгерлерден кыздын бутун ким сындырганын жашырып, «кулап түшүп бутун сындырды» деп коюшкан.

«Учурда ага (шектүүгө — ред.) 5 берене боюнча айып тагылууда. Азыр тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет»,

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаиловдун айтымында, кыз ооруканага түшкөндө мээси чайкалып, оң кабыргасынын үчөө сынган. Ошондой эле денесинде көгала тактар болгон.

«8-майда чоң апасы кызды ооруканадан үйүнө алып кетип калган. Бирок медиктер амбулатордук түрдө карап жатышат. Жалдагы ооруканада орун даярдап, бүгүн, 13-майда ошол жакка жаткыралы деп сунуштадык. Бирок ага чоң апасынын уруксаты керек», – деди ал.

Эскерте кетсек, 29-апрелде Чүйдө катуу сабалган 3 жашар кыз (2021-жылы туулган) ооруканага түшкөн. Бул окуяга байланыштуу кызды сабап жүргөн деп шектелип 28 жаштагы М.Р. аттуу өгөй атасы кармалган. Ага «кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Коомчулукка бул окуя жөнүндө 4-майда белгилүү болгон.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, 29-апрелге караган түнү 3 жашар кыз ур-токмокко кабылган. Андан кийин, жаан жаап жатканда, аны иттин уясына түнөтүп коюшкан.

Үч жашар кыз сабалып, ооруканага түштү. Өгөй атасы кармалды

Exit mobile version