Site icon Reporter.kg

Чүйдөгү абактын жанында жаш жигит бычак жана тапанча менен кармалды

Чүйдөгү №3 түзөтүү мекемесине тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 12-январда саат 15:00дордо абакка караштуу аймакта «КИА К-5» унаасы текшерилген. Анын ичинде 19 жаштагы Ж.К. аттуу жаран отурган. Унааны тинтүү учурунда үч бычак, дубинка, патрондору бар пневматикалык газ тапанчасы, оюнчук тапанча, эки iPhone жана бир Redmi телефону табылып алынган.

Териштирүү учурунда аныкталгандай, аталган жигит эки уюлдук телефонду «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүгө айыпталып 14 жылга соттолгон С. Биримкуловго өткөрүп берүүнү көздөгөн.

ЖАКтын маалыматы боюнча, Биримкулов уюлдук телефонду мыйзамсыз сактап жүргөндүгү үчүн абактын айып камак жайына камалган.

Ал эми жаш жигит териштирүү иштерин жүргүзүү жана анын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн милицияга өткөрүлүп берилген.

ЖАК түрмө же тергөө абактарында отургандарга тыюу салынган буюмдарды бергендер же өткөрүүгө аракет кылгандар мыйзам чегинде жазага тартыларын эскертет.

Exit mobile version