Чүй облусундагы эмерек цехтен чыккан өрт толугу менен чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Маевка айылынын Тепличная көчөсүндө жайгашкан эмерек цехинен чыккан өрт саат 12:11де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянты күйгөн.
Тилсиз жоодон жабыркагандар катталган эмес.