Чүйдөгү Токмок – Прогресс — Кайырма унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, план боюнча 3 чакырым жолду асфальттоо каралган. Учурда анын 1 чакырым 170 метри бүткөрүлдү.