Site icon Reporter.kg

Чүйдөн Таласка альтернативдик жол салып, аны акы төлөнүүчү кылса болот, — министр

Чүйдөн Таласка альтернативалык жолду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу салууга болот. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев бүгүн, 27-июлдагы маалымат жыйында журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Министрге “мурда Чүйдөн Таласка Каракол ашуусу аркылуу жол салуу боло тургандыгы айтылган, азыр бул долбоорду ишке ашырса болобу?” деген суроо узатылды.

Министр бул долбоор тууралуу укканын айтып: “Мен бул долбоор тууралуу билем. Ал идея түрүндө болгон. Алдын ала анализдердин негизинде Өтмөк ашуусу аркылуу кеткен жол жетиштүү деген корутунду чыгарылган”, — деди.

Ошондой эле, ал келечекте министрликтин Таласка кошумча жол салуу планы бар экенин билдирди.

Анын айтымында, эл аралык донорлордон жаңы жолдорду салууга каражат сураганда, алар мурда салынган жолдорду оңдоого каражат берүүнү сунуштайт. Мындан улам да Таласка кошумча жолду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу салып, аны акы төлөнүүчү кылса болот.

Белгилей кетсек, Чүйдөн Таласка Каракол ашуусу аркылуу жол салууга болот. Ал жол Таластын башында жайгашкан Көпүрө-Базар айылынан чыгат. Бул жол салынса, Таласка каттаган адамдар эки ашууну ашып отурбайт жана жол кыйла кыскарат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version