Чүйдөн жер басып алам дегендерге эскертүү берилди (ВИДЕО)

Чүйдөн жер басып алам дегендерге эскертүү берилди (ВИДЕО)

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев Чүйдүн аймагынан жер басып алууга камданып жаткандарга эскертүү берип, жазага тартылаарын эскертти.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2021-жылдын аягы менен Чүй облусунун аймактарындагы бул убакытка чейин мыйзамсыз басып алынган жана сатылып кеткен жерлерге техникалык паспорт, кызыл китеп берип каттоо башталган. Ошол күндөн тарта миңдеген жарандарыбыз өз үйлөрүнө каттоого туруп, документтерин колдоруна ала башташты. 2022-жылдын аягына чейин бул көйгөйлөр өз ордуна келет. Бардыгы каттоодон өтөт, техникалык паспорттору берилет.

Бирок, мындан ары кимде-ким жер басып алса, айдоо-сугат жерлерин турак жайга колдонуп, сатылса ким болбосун мыйзам алдында жооп берет! Буга чейин Президент Жапаров Садыр Нургожоевич өзү да айткан. Мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөөрүн, мындан ары жер басып алгандар дароо камалаарын эскерткен. Андыктан мен дагы эскертип коюуну туура көрдүм. Мыйзамсыз иш алып барып, жерди басып алса кылмыш иши козголот. Мындай кадам бир да жарандын оюна келбеши керек. Жер басып алууну токтотуп, мыйзамдуу өлкөдө жашайлы!”- деди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>