Site icon Reporter.kg

Чынарбек Изабеков дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагер балбандар арасындагы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Изабеков 51-56 жаштагы балбандар арасында 100 кг салмакта күч сынашууда. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде монголиялык спортчуну 4:0 эсебинде жеңди. Андан кийин чейрек финалда израилдик балбанды 11:0 эсебинде утуп, жарым финалга өттү.

Эми финалга чыгуу үчүн ал латвиялык Игорь Самушонок менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, Изабеков 2015-жылдан бери дүйнө чемпионатына катышып келет. Андан бери ал бир да ирет дүйнө биринчилигинен байгесиз кайткан эмес.

Буга чейин ал ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигин 4 жолу жеңип, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон (2015, 2016, 2021, 2022-жылдар). Андан тышкары дүйнө чемпионатында 2 жолу күмүш (2017, 2019-жылдар), 2 ирет коло байге (2018, 2023-жылдар) уткан.

Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу дүйнө чемпионатында коло утту

Exit mobile version