УКМК «Kлooп» жана «Темиров Live» медиаларынын иликтөөсү боюнча маалымат таратып, Камчыбек Ташиевдин «Насоновское» алтын кенине тиешеси бар болушу ыктымал деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Атайын кызмат аталган кендин жалгыз ээси Азрет Боотаев экенин, буга чейин ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу боюнча козголгон иште фигурант болгонун билдирди.
Коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, Боотаев «Насоновское» кенин «Консульере Групп» ишканасына саткан. Компания кенди иштетүүгө түз инвестицияларды тартышы керек болгон. «Консульере Групп» аталган кенди сатып алгандан кийин мамлекет алдында алган милдеттерди аткарбаганы, жергиликтүү бийликке социалдык милдеттенмелерди өз убагында төлөбөгөндүгү, салык карыздары бар экендиги жана комбинаттын өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартпаганы аныкталган.
12-мартта «Насоновское» кенин иштетүүгө лицензия жокко чыгарылып, Жаратылыш ресурстары министрлигине өткөрүлүп берилген.
УКМК Камчыбек Ташиевдин аталган кенге эч кандай тиешеси жок экендигин жана болбогондугун билдирди.