Site icon Reporter.kg

Чыңгыз Айтматов атындагы медаль менен бир катар инсандар сыйланды

10- июнда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Чыңгыз Айтматов атындагы медалдарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана  жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сыйлыктар маданият, билим берүү, илим, адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери, улуттар ортосундагы маданиятын жакындаштырып, өз ара байытуу, тынчтыкты чыңдоо, достук жана руханий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн жалпы 60 инсанга тапшырылды.

Сыйлыктарды министр Азамат Жаманкулов, жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Аскар Айтматов, режиссёр, сценарист жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров жана башка чыгаан инсандар тапшырышты.

Өз кезегинде Аскар Айтматов бардык келген конокторго ыраазычылык билдирип, Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун өткөрүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, ушул күнү, 10-июнда, 14 жыл мурун — 2008-жылы Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюрнберг шаарындагы клиникалардын биринде каза болгон.

Exit mobile version