Site icon Reporter.kg

Чынгыз Айтматовдун эстелигинин макети коомчулуктун сынына коюлду (фото)

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун эстелигинин макети коомчулуктун сынына коюлду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

“10-июнунда Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун демилгеси менен жазуучунун эстелиги курула турганы белгиленип, эскеркич-такта коюу аземи болгон. Мына ошол  жыйындан кийин эстеликти жасоого конкурс жарыяланып, келечектеги эстеликтин 3 макетинин сүрөтү келип түштү”, — деп жазылат маалыматта.

Төмөндөгү макеттердин сүрөттөрү жалпы коомчулуктун талкуусуна коюлду. Ага карата ар бир адам өз оюн билдирсе болот.

Exit mobile version