Чыңгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалыма кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Эшимбеков Катардагы элчилик кызматка 2019-жылы сентябрда ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз