Чыныбай Турсунбековдун балдары «Капитал банктын» дивиденддерин төлөштү

Чыныбай Турсунбековдун балдары «Капитал банктын» дивиденддерин төлөштү

«Капитал Банкы» 2019-жылдын аягында алынган дивиденддерди төлөөгө бөлүштүрүлгөн кирешени багыттайт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Акционерлердин баалуу кагаздар боюнча кирешеси 34 миллион 177 миң сомду, бир жөнөкөй акцияга 2,77 сомду түзөт. Мындай чечим 26-мартта өткөн жылдык жалпы жыйында белгилүү болду.

Төлөмдөр 2021-жылдын 29-мартында башталган.

Эске салсак, банктын негизги акционерлери Эржан Чыныбай уулу (төлөнгөн уставдык капиталда 40%), Айдай Турсунбекова (төлөнгөн уставдык капиталда 30%) жана Бегимай Чыныбай кызы (төлөнгөн уставдык капиталда 30%). Бул акционерлер Жогорку Кеңештин депутаты маркум Чыныбай Турсунбековдун балдары.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда пневмониядан улам каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>