COVID-19: Үч адам каза болду

COVID-19: Үч адам каза болду

Акыркы суткада илдет 400 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 97, Ош – 16, Чүй облусу – 56, Ош облусу – 35, Талас облусу – 19, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 78. Баткен облусу – 37.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы 64 миң 360га вирус жуккан, анын 55 миң 306сы сакайды.

Ал эми коронавирустан соңку суткада 3 адам каза болду. Республика боюнча 1 миң 188 киши көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>