COVID-19: Өкмөт атайын аппарат сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү

COVID-19: Өкмөт атайын аппарат сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү

Өкмөт кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлаайт. 

Бул чечим өлкө аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, 50 млн сом Кытай мамлекетинен кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу жана аларды Кыргыз Республикасына жеткирүү үчүн бөлүндү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>