Site icon Reporter.kg

COVID-19: Өлкөдө 2 адам каза болду

Соңку суткада Кыргызстанда илдет 538 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Бир сутка ичинде COVID-19  жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 139, Ош – 23, Чүй облусу – 40, Ош облусу – 52, Талас облусу – 25, Нарын облусу – 17, Ысык-Көл облусу – 31, Жалал-Абад облусу – 86, Баткен облусу – 125.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 57 миң 276 адамга коронавирус жуккан, анын 48 миң 637си сакайды.

Ал эми акыркы суткада 2 адам илдеттен каза болду. Буга чейин республика боюнча 1 миң 138 киши вирустан көз жумган.

Exit mobile version