Site icon Reporter.kg

Covid-19 адамдан 8 жыл мурун эле табылган, — окумуштуулар

Вирусолог Джонатан Латэм жана биолог Эллисон Уилсон жарганаттан адам баласына коронавирус инфекциясы 2012-жылы эле жуккандыгын айтып чыгышты. Бул тууралуу Улуу Британиянын The Sun гезити жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Кытайдын Юньнань провинциясынын беш тургуну эки жума боюнча жарганаттардын заңын тазалашкан. Андан көп өтпөй эле ооруп калышкан. Аларды дарылаган дарыгер, азыркы коронавирус инфекциясынын белгилерин байкаган: кургак жөтөл, пневмония, муундардын оорусу жана өтө жогору дене табын.

Дарыгердин күндөлүгүндөгү билдирүүсүнө караганда аларга жасалма дем алдыруучу аппараттар колдонулган. Бирок тилекке каршы алардын үчөө каза болуп калган.  

Уханда жасалган анализдердин жыйынтыгы менен шахтерлорго пневмонияга окшош коронавирус инфекциясы деген диагноз коюлган.

Бул окуядан кийин, окумуштуулар COVID-19 дал ошол учурда эле адамдардын организинде отурукташып калган деген божомолду айтышууда.

Эске салсак, кытайлык адистер ушул жылдын февраль айынын башында эле коронавирус инфекциясы жарганаттардан келген деп айтышкан.

Exit mobile version