Site icon Reporter.kg

COVID-19: Акыркы суткада 2 адам каза болду

Соңку суткада илдет 170 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 54, Ош – 8, Чүй облусу – 49, Ош облусу – 16, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусу – 20, Жалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу – 0.

Өлкө аймагында бүгүнкү күнгө чейин жалпы 81 миң 826 адамга коронавирус жуккан, анын 77 миң 376сы сакайды.

Ал эми акыркы суткада эки киши вирустан каза болду, бүгүнкүнү эсепке алганда жалпы 1 миң 363 адамга коронавирустун курмандыгы болду.

Exit mobile version