COVID-19: Акыркы суткада 5 киши каза болду, 425 кишиден аныкталды

COVID-19: Акыркы суткада 5 киши каза болду, 425 кишиден аныкталды

Акыркы суткада 425 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19  жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 110, Ош – 13, Чүй облусу – 117, Ош облусу – 50, Талас облусу – 8, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 55, Жалал-Абад облусу – 35, Баткен облусу – 29.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 67 миң 894 адамга коронавирус жуккан, анын 58 миң 846сы айыкты.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун 5 жаңы учуру катталды: Бишкек – 1, Талас облусу – 1, Чүй облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 1, Ош облусу – 1. Жалпы 1 миң 212 адам вирустан көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>