Соңку суткада коронавирус 104 адамдан табылып, илдеттен бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда бир адам коронавирустан каза тапты.
Бир күндө илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 19
Ош — 8
Чүй облусу – 6
Ош облусу — 18
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу — 37
Алардын ичинде 2 медициналык кызматкер бар.
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 46355ке жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 166 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 3 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 42 619га жетти.