COVID-19: Бир күндө 127 адамдан илдет табылды

COVID-19: Бир күндө 127 адамдан илдет табылды

Соңку суткада коронавирус 127 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 19
Ош — 8
Чүй облусу – 4
Ош облусу — 38
Талас облусу — 3
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 20
Баткен облусу — 29

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 45757ге жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  101 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 5 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 42 005ге жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>