Соңку сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, илдеттен Бишкек шаарында бир адам, Нарын облусунда 1 адам көз жумган.
Муну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1495 адамга жетти.