COVID-19: Бир күндө 215 адамдан илдет табылды

COVID-19: Бир күндө 215 адамдан илдет табылды

Соңку суткада коронавирус 215 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 17
Ош — 19
Чүй облусу – 23
Ош облусу — 41
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 40
Баткен облусу — 63

Алардын ичинде 28 медициналык кызматкер бар.

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 47056га  жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  154 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. 

 Муну менен сакайгандардын жалпы саны 43 137ге жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>