Соңку суткада коронавирус 215 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 17
Ош — 19
Чүй облусу – 23
Ош облусу — 41
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 40
Баткен облусу — 63
Алардын ичинде 28 медициналык кызматкер бар.
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 47056га жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 154 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 43 137ге жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.