COVID-19: Бир күндө 482 адамдан илдет табылды

COVID-19: Бир күндө 482 адамдан илдет табылды

Соңку суткада 482 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аймактардан эң көп Жалал-Абад облусунда катталган.

“Бишкек шаарында 73 адам, Ош шаарында 54, Чүй облусунда 14, Ош облусунда 93, Талас облусунда 7, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 125, Баткен облусунда 107 кишиден COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети табылды”, — деп билдиришти штабдан.

Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 52 миң 526га жетти. 

Ошондой эле соңку суткада 127 адам илдеттен сакайган. Айыккандардын жалпы саны  45 863 адамды түздү. 

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор катталган эмес. 

Ушул учурга чейин өлкөдө бул илдеттен баш аягы 1111 адам көз жумду. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>