COVID-19: Бир күндө 71 адамдан илдет табылды

COVID-19: Бир күндө 71 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирус 71 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 13
Ош — 3
Чүй облусу – 4
Ош облусу — 9
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 6
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу — 23

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44999га жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  80 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 2 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 41 103кө жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>