COVID-19: Бир күндө 77 адамдан илдет табылды

COVID-19: Бир күндө 77 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирус 77 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрдагы брифингде  саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Айнура Акматова билдирди. 

Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 17
Ош – 3
Чүй облусу – 5
Ош облусу — 9
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 9
Жалал-Абад облусу – 13
Баткен облусу — 19

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44761ге жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  144 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 3 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 40 631ге жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>