COVID-19: Бир күндө 99 адамдан илдет табылды

COVID-19: Бир күндө 99 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирус 99 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрдагы брифингде  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 

Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 17
Ош – 2
Чүй облусу – 3
Ош облусу — 11
Талас облусу — 6
Нарын облусу – 4
Ысык-Көл облусу – 16
Жалал-Абад облусу – 20
Баткен облусу — 20

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44135ке жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  279 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 1 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 39 174кө жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>