COVID-19: Бир күндө коронавирустан 3 кыргызстандык көз жумду

COVID-19: Бир күндө коронавирустан 3 кыргызстандык көз жумду

Кыргызстанда бир күндө коронавирустан 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, илдеттен Баткен облусунда 3 адам көз жумган.

Мындан сырткары, соңку суткада эле 448 адамдан коронавирус илдети аныкталган.  

“ Бишкек шаарында 123 кишиден, Ош шаарында 32, Чүй облусунда 50, Ош облусунда 43, Талас облусунда 18, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 37, Жалал-Абад облусунда 110, Баткен облусунда 66 адамдан илдет табылды”–  деп айтылат маалыматта. 

Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны  58878ке жетти. 

Соңку суткада ошондой эле 461 адам илдеттен сакайган. Айыккандардын жалпы саны 49983 адамды түздү.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1145 кыргызстандык көз жумду. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>