Site icon Reporter.kg

COVID-19: Бир суткада дагы эки адам коронавирустан каза болду

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккандан кийин эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Нурболот Үсөнбаев 10-июнда маалымат берип, алардын аты-жөнүн атаган жок.

Маалыматка караганда каза болгондордун бири 70 жаштагы адам, Кара-Балта шаарынын тургуну болгон.

Каза болгон экинчи бейтап – 73 жаштагы бейтап Жалал-Абад шаарында дарыланып жаткан.

Ушуну менен республика боюнча коронавирустан жалпы 26 бейтап каза болду.

Exit mobile version