Соңку суткада коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алып, бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1159га жетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
4-ноябрга карата COVID-19 илдети 495 адамдан табылган.
- Бишкек – 150;
- Ош – 17;
- Чүй облусу – 78;
- Ош облусу – 52;
- Талас облусу – 23;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 37;
- Жалал-Абад облусу – 89;
- Баткен облусу – 44.
Ал эми акыркы суткада COVID-19 илдетинен 527 бейтап сакайды.
- Бишкек шаары – 70;
- Ош шаары – 47;
- Чүй облусу – 65;
- Ош облусу – 66;
- Талас облусу – 9;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 33;
- Жалал-Абад облусу – 130;
- Баткен облусу –100.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 60 774 болду. Ал эми 51 815 адам айыгып чыккан.