Site icon Reporter.kg

COVID-19: Дагы төрт бейтап каза болду

Соңку суткада коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алып, бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1159га жетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

4-ноябрга карата COVID-19 илдети 495 адамдан табылган.

Ал эми акыркы суткада COVID-19 илдетинен 527 бейтап сакайды.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 60 774  болду. Ал эми 51 815 адам айыгып чыккан.

Exit mobile version