Site icon Reporter.kg

COVID-19 дүйнөдө: Күзүндө Италияда карантин киргизилиши мүмкүн

Италия имараттарда беткап тагынуу, аралыктан иштөө эрежелерин жаңыдан алып салганда, кайрадан 132 миң учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү республикалык штабы маалымдады.

Маалыматка караганда, мындай көрсөткүчтөр 5 айдан бери катталган эмес. Оорунун күчөшү ушул жумада күтүлүүдө. Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги эмдөө боюнча кезектеги кампанияны баштады.

Төртүнчү дозаны 80 жаштан жогору курактагыларга жана тобокел топтогу — кант диабети, иммундук оорулар менен ооругандар үчүн сунушташууда. Төртүнчү доза милдеттүү түрдө эмес, бирок дарыгерлер эмдөөнү активдүү жүргүзүү керек деп тынчсызданышууда.

«Омикрондун» бул вариантынын жайылуу ылдамдыгына караганда, күзүндө өлкө боюнча карантин киргизилиши мүмкүн.

Франция варианттын жайылышы жана жаңы учурлардын саны боюнча рекорд койду: күнүнө – 100 миң адам илдетке кабылууда. Дарыканаларда оң тест жыйынтыктары ар бир экинчи адамдан чыгып жатат. Ниццада сезон учурунда коомдук унааларда беткап тагынуу талабы коюлду.

Германия: Италия сыяктуу эле ылдамдык менен рекорддорго жакындап баратат: кечээки күнү – 130 миң учур. Бирок бардык категориялар үчүн акысыз тест тапшыруу алып салынды, аларды улгайгандар гана жасашат.

Exit mobile version