Site icon Reporter.kg

Covid-19 илдети менен күрөшүүгө канча каражат кеткен? Жооп

Covid-19 илдети менен күрөшүүгө 5 млрд. сомдон ашык акча кеткен. Бул туурасында Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Финансы министринин орун басары Мелис Аттокуров  билдирди.

Анын айтымында, Covid-19 илдетин алдын-алуу жана көзөмөлдөө үчүн 3 булактан чыгым кеткен:

  1. Республикалык бюджеттен,
  2. Депозиттик эсептен,
  3. Мамлекеттик инвестициялык программанын эсебинен.

2020-жылдын 31-декабрь күнүнө карата Республикалык бюджеттен алдын-алуу жана ага каршы күрөшүүгө 5 млрд. 447 млн сом кеткен.

Exit mobile version