Site icon Reporter.kg

COVID-19 инфекциясынан дагы 2 адам каза болду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир бейтап Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев. Ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан каза болду.

Экинчи бейтап Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө каза болду. Ал Ж.К. аттуу 67 жаштагы эркек киши. 

Жалпы каза болгондордун саны 16 кишини түздү.

Exit mobile version