COVID-19: Күз-кыш мезгилине карата 5 миңдей орун даярдалат

COVID-19: Күз-кыш мезгилине карата 5 миңдей орун даярдалат

Күз-кыш мезгилине карата COVID-19 илдетин дарылоо үчүн жалпы республика боюнча 5 миңдей орун даярдалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нургүл Ибраева билдиргендигин министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Ибраеванын айтымында, “Семетей” обсервациясын толук кандуу жугуштуу оорулар бейтапканасына айлантуу аракети көрүлүп жатат.

“Семетей” обсервациясын лабораториялык жана сорттоочу пункттары менен бирге инфекциялык жай катары түзүүнү пландаштырып жатабыз. Анткени, ал жерге жалпысынан 550 бейтапка чейин жаткырса болот. Мындан сырткары, кир жана таза зона бири-биринен алыс аралыкта жайгашкан. Муктаж болгон учурда консервацияланган күндүзгү стационарларды кайра ачуу мүмкүн”, — деген ал.

Ибраеванын айтымында учурдагы эпидемиологиялык абалдын турукташканына байланыштуу күндүзгү стационарлар консервацияланууда. Ал жайлардын иши толугу менен токтотулбайт. Керектүү учурда кайра бейтаптарды кабыл алууга даяр турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>