COVID-19: Катар Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү — сүрөт

COVID-19: Катар Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү — сүрөт

Бүгүн, 2020-жылы 3-июлда “Манас” эл аралык аба майданына Катар өлкөсүнөн жөнөтүлгөн гуманитардык жардам түшүрүлдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Катар мамлекети Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине 420 даана кычкылтек концентраторун кайтарымсыз жардам катары берди. Аманаттын жалпы наркы 250 000 долларды түзгөн.

Катар өлкөсүнөн келген медициналык жабдууларды Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев башында турган делегация кабыл алды.

[su_image_carousel source=»media: 36889,36888,36887,36886,36885″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>