COVID-19: Кыргызстанда 30-июль улуттук аза күтүү күнү

COVID-19: Кыргызстанда 30-июль улуттук аза күтүү күнү

30-июль Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого берген маегинде айткан. 

«31-июль Курман айт деп жарыяланды. 30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү Жарлык чыгат, буйруса.

Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы.

Дагы бир ирет каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө.

Чоң жоготууга туш болгон мекендештериме сабыр тилейм, кайрат тилейм. Маркумдардын бейиши болсун дейм. Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун», — деген президент.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>