Кыргызстанда 3 миң 567 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
2 миң 883 адам амбулатордук (үй шартында), 684 адам стационарда дарыланууда, анын ичинен 56 адам өтө оор, 277 адам оор абалда. 351 бейтаптын абалы (же 51,3 пайыз) орточо оор деп бааланууда.
2020-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 191 679 адам айыгып чыкты.