Site icon Reporter.kg

COVID-19: Кыргызстанда коронавирус менен ооруган 83 адамдын абалы оор

Кыргызстанда 413 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

260 адам амбулатордук (үй шартында), 153ү стационарда дарыланууда, анын ичинен 16 адам өтө оор, 67 адам оор абалда. 70 бейтаптын (же 45,7 пайызынын) абалы орточо оор деп бааланууда.

2020-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 195 685 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Exit mobile version