Site icon Reporter.kg

COVID-19: Кыргызстанда ооруканага түшкөн бейтаптардын саны өстү

Кыргызстанда коронавирус менен ооруканага түшкөн бейтаптардын саны өстү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бир суткада республиканын ооруканаларына COVID-19 инфекциясы менен 12 бейтап түшкөн. Июль айынын башынан тарта республиканын ооруканаларына коронавирус аныкталган 40 адам түшкөн.

“Учурда коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптарды Республикалык инфекциялык ооруканасы жана аймактарда ооруканалардын инфекциялык бөлүмдөрү кабыл алууда”, — деп айтылат маалыматта.

Санэпидкөзөмөл департаментинин маалыматына караганда, Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 85 жаңы учуру катталган. Ал эми кечээ, 14-июлда өлкө боюнча 47 адамдан COVID-19 аныкталган болчу.

Exit mobile version