Site icon Reporter.kg

COVID-19. Кытайда карантинге каршы акциялар өттү

Кытайдын бир катар шаарларында коронавирустан улам карантин киргизилип жатканына каршы массалык акциялар тутанды. Кытайдын бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип жаткан.

Каршылык акциялары Үрүмчү шаарында чыккан өрттөн он адам каза болгондон кийин башталды. Бул шаар үч айдан бери карантинде, анда төрт миллиондой адам жашайт.

Катаал чектөөлөрдөн улам шаар тургундары жүз күндөн ашуун убакыттан бери үйүнөн чыга албай жатышат.

24-ноябрда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкканда, эшиги сырттан бек тургандыктан, тургундар сыртка качып чыга албай калганы божомолдонууда.

Үрүмчү шаар бийлиги бул маалыматты басма сөз жыйынында четке кагып, тургундар коопсуздук техникасын туура эмес аткарган деген билдирүү жасады.

Шинжаңдын баш калаасы Үрүмчүдө башталган каршылык акциялары Кытайдагы бир катар шаарлар, университеттердин кампустарына чейин жетти.

Алгач ага чыккандар локдаунду токтотууну талап кылса, Шанхайдагы демонстранттар Кытайдын лидери Си Цзинпиндин кетишин жана Коммунисттик партиянын жетекчилеринин толугу менен алмашуусун талап кылууда. Полиция митингге чыккандарды таркатып, айрымдарын кармап жатат.

Пандемия башталгандан бери Кытайда инфекциянын жайылуусун бийлик катуу көзөмлгө алууда. Дүйнөнүн башка өлкөлөрү эпидемиологиялык чараларды жумшарткан чакта Кытайда райондор, облустар бир нече ай карантинге жабылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version