COVID-19: Маркумдардын сөөгү алмашып кеткени тууралуу маалымат текшерилип жатат

COVID-19: Маркумдардын сөөгү алмашып кеткени тууралуу маалымат текшерилип жатат

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгон адамдын жакындарына башка кишинин сөөгү берилип калганы жөнүндөгү маалыматты териштире баштады.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Чоң атасынын сөөгүнүн ордуна башка бирөөнүкү келгенин жергиликтүү ЖМКлардын бирине Бишкек шаарынын тургуну айтып берип, маркумду атайын кепинге салар алдында жүзүн жакындарына бир көрсөтүшсө туура болот эле деген сунушун билдирген:

“Чоочун кишинин сөөгүн кайра жеткирип берип, чоң атамдын сөөгүн алып келүүгө жетишип калдык. Медиктерге эч кандай даттануубуз жок. Алар чоң атамды сактап калуу үчүн колунан келген аракетин жасашты. Саламаттык сактоо министрлигине да эч нааразылыгыбыз жок. Болгону, бир өтүнүч, жакындарына сөөктү алып кетерде бир каратууга уруксат беришсе”.

Иргебаеванын айтымында, чоң атасынын сөөгүн өлүкканадан эмес, дарыланып жатып каза болгон ооруканадан алып кетишкен.

Коронавирустан каза болгондор сөзсүз өлүкканага текшерүүгө жөнөтүлүшү керектиги тууралуу буйрук бар экенин Паталогоанатомиялык өлүккананын жетекчилиги журналисттерге билдирген.

Коронавируска чалдыккандар адегенде инфекциялык ооруканага гана жаткырылчу, кийин башка да медициналык жайлар кабыл ала баштады. Ооруканада орун жетишсиз болгондуктан, Бишкек шаарынын бийлиги күндүзгү стационарларды ачкан. 4-июлдан бери ал жайларда тогуз бейтап үзүлгөнү расмий айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>