Улуу Британияда коронавирус менен ооруган аялдын мээси жабыркаган окуя боюнча «Иносми.Ру» басылмасы жазды.
Басылма аял кантип, эс тумунун жоготкону тууралуу баяндайт.
«Аялдын көзүнө үйүндө арстан жана маймылдар жүргөнү көрүнгөн. Ал эмне болуп жатканын түшүнбөй, агрессивдүү болуп, күйөөсүн дагы кайдан келип калган алдамчы деп тааныган эмес. Аял 55 жаштар чамасында болгон. Ал психоз күч алчу курактан бир топ улгайган эле. Андан сырткары, аялда мурда мындай психикалык оорулар байкалган эмес, бирок covid-19 менен ооруган. Бул коронавирус менен ооруган бейтаптарда психикалык бузулардын байкалган алгачкы учуру болуп саналат.
Коронавирус менен алгач күрөшүп жатканда дарыгерлер бейтаптардын дем алуусун камсыз кылып, инфекциянын бооруна жана жүрөк-кан-тамыр системасына түшүп кетпешин алдын алышкан эле. Бирок айрым бейтаптарда аңсезим бузуулары дагы байкалган. Бул бейтаптар айланада эмне болуп жатканын түшүнбөй башаламандыкта калышкан.
Апрель айында жапониялык окумуштуулардын тобу, коронавирус менен ооруган бейтаптан шишик жана мээнин ткандарынын сезгениши байкалганын айтышкан. Дагы бир билдирүүдө, бейтапта миелин (липоиддик жана белоктук нерв талчаларын коргогон аралашма) бузуулары байкалгандыгы айтылган. Бул оорулар кооптуу склерозго алып келет.
Калифорниянын Сан-Диего университетинде иштеген невролог Элиссон Муотри (Alysson Muotri), «неврологиялык симптомдор барган сайын өтө коркунучтуу болуп жатат» — деп айткан.
Бүгүнкү күндө оор симптомдордун катарын инсульт, мээге кан тамуу жана эс тутумун жоготуу толуктайт. Бул симптомдор көп билинбегени менен миңдеген адамдар мындай ооруга чалдыгып, өмүр бою азабын тартып калуу коркунучу бар эле.
Окумуштуулар кимдер бул симптомдордун тобокелдигинде экендигин айта алышкан жок. Ошондой эле бул симптомдордун эмнеге коронавирус инфекциясынан улам пайда болоорун дагы деле изилдешүүдө.
Вирус мээге жетип ага инфекцияны жуктуруу менен орун алат, бирок SARS-CoV-2 инфекциясы муну канчалык деңгээлде кылаары белгисиз. Неврологиялык симптомдор иммундук системаны ашыкча стимулдаштырганда пайда болушу мүмкүн, ошондуктан аны түшүнүп билип, эки башка талап кылынган дарылоону жасоо керек.
Булак: https://inosmi.ru/science/20200918/248148360.html