Республикалык штабдын маалыматына ылайык, бир сутка ичинде коронавирустан эки киши каза тапты. Бир суткада илдетке чалдыккан жалпы 343 учур катталды.
- Бишкек – 81
- Ош – 18
- Чүй облусунда – 21
- Ош облусунда – 46
- Ысык-Көл облусунда – 17
- Жалал-Абад облусунда – 77
- Баткен облусунда – 83
Алардын арасында 12 медицина кызматкери бар.
Ал эми 190 киши илдеттен айыгып чыкты.