Site icon Reporter.kg

COVID-19. Министрлик 1,7 млн доза вакцина сатып алуудан баш тартты

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы 1,7 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен болгон макулдашууну ратификациялоо процедурасын токтотуп турууну өтүндү. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда парламенттин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Винера Раимбачаева билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн вакциналардын өлчөмү жетиштүү.

“Бүгүнкү күндө министрликте 2 миллион 430 миң 605 вакцинанын дозасы бар. Алар калкты кайрадан эмдөөгө колдонулат”, — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдиргендей, 2021-жылдын башынан бери гуманитардык жардам катарында мамлекеттик бюджеттин эсебинен 6 млн 168 миң 200 доза вакцина алынган. Алардын 3 млн 737 миң 595 дозасы колдонулган.

“Калганын жылдын аягына чейин колдонушубуз керек. 200 миңге жакын дозанын сактоо мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу алар эсептен чыгарылат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен биз макулдашууну ратификациялоону токтотууну өтүнөбүз”, — деди министрдин милдетин аткаруучу Касымбеков.

Exit mobile version