COVID-19: Соңку суткада 1 адам каза болуп, 522 адамдан илдет табылды

COVID-19: Соңку суткада 1 адам каза болуп, 522 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирустан 1 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, илдеттен Баткен облусунда бир киши көз жумган.

Мындан сырткары, соңку суткада эле 522 адамдан коронавирус илдети аныкталган.  

“Бишкек шаарында 110 кишиден, Ош шаарында 33, Чүй облусунда 58, Ош облусунда 75, Талас облусунда 26, Нарын облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 37, Жалал-Абад облусунда 86, Баткен облусунда 90 адамдан илдет табылды”, —  деп айтылат маалыматта. 

Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны  57 798ге жетти. 

Соңку суткада ошондой эле 460 адам илдеттен сакайган. Айыккандардын жалпы саны 49097 адамды түздү.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1139 кыргызстандык көз жумду. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>