COVID-19: Соңку суткада 2 киши каза болуп, 335 адамдан тастыкталды

COVID-19: Соңку суткада 2 киши каза болуп, 335 адамдан тастыкталды

Акыркы суткада 335 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 84, Ош – 28, Чүй облусу – 107, Ош облусу – 35, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 15, Ысык-Көл облусу – 25, Жалал-Абад облусу – 17, Баткен облусу – 22.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 73 миң 513 адамга коронавирус жуккан, анын 65 миң 189у сакайды.

Ал эми COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары: Бишкек  – 1, Ош облусу  – 1.

Өлкө аймагы боюнча буга чейин жалпы 1 миң 277 киши вирустун курмандыгы болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>