COVID-19 жуккан аял небересинин үйлөнүү тоюна катышып, көп өтпөй көз жумган

COVID-19 жуккан аял небересинин үйлөнүү тоюна катышып, көп өтпөй көз жумган

АКШда коронавирус жуктурган чоң энесин небереси үйлөнүү тоюна чакырган. Бир нече күндөн кийин чоң энеси каза болуп калганын небересинин аялы интернетке калтырган. Бул тууралуу «The sun» басылмасы жазды.

Келини социалдык тармакка күйөөсү экөө чоң апасынын жанында түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Тойдо бардыгы оорулуу аялдан аралыкты сактоого аракет кылышкан, бирок сүрөттө чоң энесин жакыныраак болушун суранышкан.

Коронавирус аялдын өлүмүнө себеп болгон-болбогону белгисиз. Бирок, кыздын билдирүүсү интернетте талкуу жаратты. Айрым колдонуучулар колуктуну колдоп, «чоң эне небересине тойдун кубанычын бөлүшү керек болчу» деп айтышты. Калгандары жаңы үйлөнгөндөрдү «коноктордун коопсуздугу жөнүндө ойлонгон эмеспи» деп сындашты.

«Сиздин вирустун коркунучу жөнүндө айткандарыңыз туура болгонуна карабастан, мен чоң энебиздин келгенине абдан кубанычтамын, анткени биз аны акыркы жолу тирүү көрө алдык», — деп жазган кыз.

Буга чейин Сауд Аравиядан келген колукту үйлөнүү үлпөтүнөн мурун болочок күйөөсүн коронавирустук тесттен өтүүсүн талап кылгандыгы маалымдалган. Жыйынтыгы жарыяланган жок, бирок той болуп өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>