Site icon Reporter.kg

COVID: Вакцинанын 3-дозасы кимдерге сунушталат?

Кыргызстанда 60 жаштан жана андан жогорку курактагы жарандарга COVID-19га каршы вакцинанын 3-дозасы сунушталат. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Маалыматка караганда, вакцинанын 1 жана 2-дозасын алган адамдарга 4-6 айдан кийин вакцинанын 3-дозасы сунушталууга тийиш.

“60 жаштан өйдө адамдарда эки дозаны алгандан кийин иммунитет жаштарга караганда начар калыптанары белгиленген. Үчүнчү дозаны алуу кыйла жогорку иммунитетти калыптандырууга жардам берет”, — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version